Бишкек шаарынын мэри болуп Айбек Жунушалиев шайланды
Бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын мэрин шайлашты. Мэрликке жалгыз Айбек Жунушалиев талапкерлигин койгон.
Айбек Жунушалиевдин талапкерлигине 43 депутат "макул", 2 депутат "каршы" добуш берди.
Жунушалиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп үстүбүздөгү жылдын 12-августунда дайындалган. Аны Бишкек шаарынын мэрлигине Министрлер кабинетинин төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы сунуштаган.