Бишкектин бардык райондору "кызыл зонага" кирди
Коронавирустук эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын бардык райондору "кызыл зонага" киргизилген. Бул тууралуу борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова маалымат жыйынында билдирди.
«Апрель айынын башында шаардын эки району гана "кызыл зонада" болчу. Азыр төртөө тең. Ошентип, өткөн суткада Ленин районунда 141, Биринчи Май районунда 65, Октябрь районунда 71, Свердловскийде 50 адам ооруп жуктуруп алды деп катталды. Статистикалык маалыматтарга ылайык, оору аныкталгандардын 60 пайызы 30 жаштан 64 жашка чейинкилер", - деди ал.