Бишкек шаарынын “Бакай-Ата” конушуна канализация курулат
Бишкектеги “Бакай-Ата” конушунда канализация тутуму курулуп, насостук станция орнотулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылат.
Маалымат боюнча, тендер борбордук мэриянын капиталдык курулушунун коомдук жана мамлекеттик администрациясы тарабынан жарыяланган. Бул долбоорго 34 миллион 497 миң 324 сом жумшоо пландалууда. Ошол эле учурда, ушул жылдан 1 миллион каралмакчы.