SerepTV Logo

Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу иштери уланууда

Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу иштери уланууда
Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу жана алып салуу иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин 3-кичи райондогу темир тосмолор жана 5-кичи райондогу 71/1 дарегинде жайгашкан мыйзамсыз унаа тосмолору, Тунгуч районунда соода кылуучу 4 пункт, бастырма жана уруксаты жок бир павильон бузулган. Ошондой эле, "Ала-Тоо" аянтындагы оюн курулмалары жана башка бир катар конструкциялар мыйзамсыз орнотулганы аныкталып, аталган объектилердин ээлери аларды алып салмай болушкан.
Unknown Author