SerepTV Logo

Бишкекте коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн 11 ооруканада 212 орун бош

Бишкекте коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн 11 ооруканада 212 орун бош
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар тууралуу маалымат берди. 20-июнь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 11 ооруканада 212 орун бош. Алар:
  • Улуттук хирургия борбору — 2;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 1;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 6;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 14;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 16;
  • Чүй облустук бириктирилген ооруканасы — 17;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 15;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 92;
  • Улуттук госпиталь: урология боюнча корпус — 2;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 2;
  • Республикалык наркология борбору — 21.
Ал эми №6 клиникалык оорукана менен Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок экени маалым болду.
Unknown Author