SerepTV Logo

Бишкекте кечки эмдөөлөрдүн иши убактылуу токтотулду

Бишкекте кечки эмдөөлөрдүн иши убактылуу токтотулду
Бишкекте коронавирустук инфекцияга каршы алынган вакциналардын биринчи партиясын эмдөө аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо башкармалыгы 4-июндан баштап кийинки атайын билдирүүгө чейин Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборун, Октябрь райондук БҮМБ №18-ҮМБ, Биринчи май райондук БҮМБ №14-ҮМБ, Свердлов райондук БҮМБ №8-ҮМБ, кечки эмдөө борборлорунун ишин убактылуу токтотту. Белгилей кетсек, студенттердин шаардык поликлиникасында бир гана кечки эмдөө пункту иштейт, иш графиги 15:00дөн 23:00гө чейин. Бишкек шаарына 24 убактылуу эмдөө пункту жайгаштырылган. Алар 8:00дөн 17:00гө чейин иштешет. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 21 миң 135 адам эмдөөдөн өткөн, анын ичинен 13 миң 41 адам экинчи дозасы менен эмделген. Алардын ичинен: 2858 медицина кызматкерлери, Бишкек шаарындагы мектептеринин 882 мугалими, 1074 бюджеттик кызматкерлер, 385 укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 65 жаштан жогору адамдар - 5362, 10 миң 308 - башка категориядагы жарандар, 447 өнөкөт оорулар менен ооруган адамдар. Эмдөө иштери Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан координацияланат. "Бардык суроолор боюнча “Эмдөө” ишеним телефонуна кайрылыңыздар: 313297, ошондой эле: Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмү: 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номурлары аркылуу кызматта", - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author