SerepTV Logo

Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда коронавируска каршы чара көрүлөт

Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда коронавируска каршы чара көрүлөт
Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда коронавируска каршы чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта «Биринчи радионун» эфиринде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Министрдин айтымында, республикалык штабга ар бир район эпидемиологиялык абалы тууралуу маалымат берип турат. Эпидемиологиялык абалга жараша жергиликтүү бийлик жана эпидемиологдор чечим кабыл алышат. Ошондой эле Бейшеналиевге өткөн жылдагы коронавируска каршы күрөшүү иштери боюнча суроо берилди. «Жакында Коопсуздук кеңешинин жыйынын болот, ал жерде талкуулагандан кийин ар бири өз жазасын алат»,- деди ал.
edita