SerepTV Logo

Бишкек шаарында 23 жол чырак орнотулду

Бишкек шаарында 23 жол чырак орнотулду
Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 18 транспорттук жана 5 жөө адамдар үчүн жаңы светофорлор орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. "Бүгүнкү күндө 15 транспорттук жана 3 жөө адамдар үчүн светофор объектиси тесттик режимде иштеп жатат. Дагы 3 транспорттук жана 2 жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор ишке киргизилүүдө", - деп айтылат маалыматта. Келерки жылы шаардын көчөлөрүндө транспорт үчүн 33 светофор жана 10 жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор коюлат, алар негизинен мектептердин, бала бакчалардын жанында жана эл көп жүргөн жерлерде орнотулат.