Бишкек шаардык сотунун алдына Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары митингге чыгышты (видео)
Бүгүн, 1-майда Бишкек шаардык сотунун алдына "Туран" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду колдоо митинги өтүп жатат. Митингдин катышуучулары соцтармактар аркылуу түз эфирге чыгышууда.
Чогулгандар жаш саясатчыны бошотууну талап кылышууда. Алар колдоруна "Жеңиш Молдокматовго боштондук!", "Сот, акыйкаттуу бол!" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Сотто бүгүн Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралат.
Жеңиш Молдокматов 6-май күнү ИИМге суракка чакырылган жана сурактан кийин 48 саатка камакка алынган болчу. Ал октябрь айындагы окуяларда УКМКнын имаратын басып алууга, башаламандык уюштурууга шектелүүдө. Өзү бул иш боюнча «мага карата саясий куугунтук болуп жатат» деп билдирген. 8-майда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга, тактап айтканда 6-июлга чейин камакка алынган болчу.