SerepTV Logo

Бишкек мэриясы окуучулар үчүн 10 автобус сатып алууну убада кылды

Бишкек мэриясы окуучулар үчүн 10 автобус сатып алууну убада кылды
Бишкек шаардык башкармалыгы мектеп окуучулары үчүн автобустарды сатып алат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, мектеп окуучулары үчүн 10 автобус сатып алуу пландалып жатат. "Май айында кичи автобустарга жол кире 15 сом болот. Андыктан мектеп окуучулары үчүн өзүнчө автобус даярдайлы. Газ менен иштеген автобустарды сатып алалы", - деди ал.
edita