SerepTV Logo

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин дагы 12 партия билдирди

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин дагы 12 партия билдирди
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы дагы 12 партияны каттоодон өткөндүгүн билдирди. Алар «Замандаш», «Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясы», «Реформа», «Биздин эл», «Ак Бата», «Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы», «Улутман» республикалык партиясы, «Кыргызстан», «Тынчтык» элдик патриоттук партиясы, «Айкөл Кыргызстан», «Республика», «Элдик партия». Ушуну менен 26-февралга карата Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын жалпы саны 28ге жетти. Бир партия, «Бирге-Вместе» шайлоого катышуудан баш тарткан. Белгилей кетсек, өлкөдө жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде өтөт.
Unknown Author