SerepTV Logo

Бишкек шаардык кеңешин кайра шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылды

Бишкек шаардык кеңешин кайра шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылды
11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылды. Мындай чечимди БШК бүгүн, 26-июлда кабыл алды. «227 участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Бишкек АШК түзгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго ылайык (№1141 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы мурда жараксыз деп таанылган) шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны 104 141 шайлоочуну түздү (добуш берүү үчүн жайда – 101 875, жайдан тышкары жерде – 2 266). Жарактуу бюллетендердин саны – 103 431, жараксызы – 710 бюллетень», - деп айтылат расмий маалыматта. Шайлоого жалпы 18 партия катышкан. Анын ичинен 6 партия 7 пайыздык босого чектен өттү. Алар: 1. «Эмгек» —11 мандат; 2. «Ата Журт - Кыргызстан» — 9 мандат; 3. «Ишеним» — 8 мандат; 4. «Ынтымак» — 7 мандат; 5. «Өнүгүү-Прогресс» — 5 мандат; 6. «Социал-демократтар» — 5 мандат.