SerepTV Logo

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 6-ноябрдан 8-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Алар:
  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу;
  • 198-231-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.