Бишкек-Ош унаа жолун оңдоо иштери башталды
Бишкек-Ош унаа жолунда оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, оңдоо иштери 61-чакырымдан 103-чакырымга чейин жүрүп жатат.
"Фрезерлөөчү агрегат Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан жана жакынкы күндөрү асфальттын эски үстүнкү катмарын тазалоо иштери башталат, ошондой эле жол белгилери орнотулат",- деп айтылат маалыматта.