Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен жабылды
Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен жабылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында кар калың жаагандыгына байланыштуу “Чычкан”, “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайларында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди. Азыркы учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", - дешти.