SerepTV Logo

Бишкек — Ош жолу ачылды

Бишкек — Ош жолу ачылды
"Бишкек—Ош, Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолдору ачылды",- деп билдирди Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы. Ошондой эле, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк ашуулары кардан тазаланды. Андан тышкары жолдорго инерттүү материалдар себилип жатат. «Өтмөк ашуусундагы унаалар кечээ эле өткөрүлүп баштаган»,- деп айтылат маалыматта. Акыркы 3 күндө жааган кардан улам Бишкек - Ош унаа жолундагы 5 жерде кар көчкү түшүп, аны тазалоо учурунда унаа кыймылы токтотулду. Мындан тышкары, ашуулардагы абалдын начарлашына байланыштуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек—Ош, Талас—Тараз—Суусамыр, Каракол—Эңилчек, Ош—Сарыташ—Эркечтам жана Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолдорун жабуу боюнча чаралар көрүлгөн.
edita