SerepTV Logo

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады

Бүгүн, 18-августта саат 18:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады. Мэрди шайлоо 26-августка белгиленген.

Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер - мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев. Ош шаарынын мэрлигине талапкерлигин Алмаз Мамбетов койгон. Ал эми Токмок шаарынын мэрлигине талапкер - Урмат Самаев.