Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы өрттүн кесепетинен 60 гектар жер күйүп кетти (видео)
Кечээ, 18-февралда Бишкек - Нарын - Торугарт (айланма жол) жолунун четиндеги талаада ири өлчөмдөгү өрт чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт боюнча маалымат Токмок шаардык нөөмөт бөлүмүнө саат 18:30да келип түшкөн. Анда Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында ачык таалада өрт чыкканы айтылган. Өрт өчүрүү үчүн №21 өрт-куткаруу кызматынан бир өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлгөн. Бир сааттын ичинде дагы үч бөлүм тартылган. Өрт болгон жерде жакын жайгашкан май куйуучу жай болгон. Маалым болгондой кызматкерлердин ыкчам аракеттинин аркасында, өрт май кууйуучу жайга жетпей өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 60 гектар аянттагы куураган чөп жана бак-дарактар күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда.
[video width="406" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/t_video5294270048200821206.mp4"][/video]