Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюна 500 карагай отургузулду
Кечээ, 29-январда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюнда айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу иштери башталды. Бул иш-чаранын алкагында 500 түп Тянь-Шань карагайы отургузулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"ӨКМдин Токой кызматынын директору Мураталы Тагаевдин тыкыр көзөмөлүндө өткөрүлгөн бул иш-чара аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга, жол боюн жашылдандырууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта. Быйыл Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолдун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу өнөктүгү пландаштырылууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="271847,271848,271849,271850,271851,271852"]