Бишкек-Москва поезд каттамы пандемиядан кийин жанданды
18-декабрдан тарта Бишкек-Москва багыты боюнча жүргүнчү поезди кайрадан каттай баштады. Бул тууралуу кечээ "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
"Каттамда жалпысынан 7 вагон бар. 2 купелик вагон жана 5 плацкарттык вагон. Билеттерди Бишкек-2, Беловодский, Кара-Балта, Кайыңды, Мерке, Ош жана Жалал-Абад бекеттеринин кассасынан алсаңыз болот", - деп айтылат маалыматта.
Темир жол каттамы 2020-жылдагы пандемиядан улам токтотулуп, андан бери жандана элек болчу. Поезд мурда Москвадагы Павелецкий вокзалына 3 күндүк жол жүрүү менен барат. Ал эми билеттин баасы 11 000 сомдон башталат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="264854,264855"]