SerepTV Logo

Бишкек-Москва багыты боюнча эки рейс кармалып жатканы маалымдалды

Бишкек-Москва багыты боюнча эки рейс кармалып жатканы маалымдалды
Бишкек-Москва багыты боюнча эки рейс кармалып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынан кабарлашты. Буга "Домодедово" аэропортунун убактылуу жабылганы себеп болгон. 130 жүргүнчү "Манас" аэропортунда күтүп отурушат, аларга тамак-аш берилери айтылды. Мэр Сергей Собянин түндө Москвага дрондор менен чабуул жасалганын, анын 11и жок кылынганын билдирген. Ал арада социалдык тармактарда Орусиянын аэропортунда тартылган видеолор жарыяланып жатат.