Бишкек-Минск-Бишкек жана Ош-Минск-Ош аба каттамы ачылышы мүмкүн
Минск шаарында Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрмек Ибраимов Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин авиация боюнча департаментинин директору Артем Сикорский менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы авиациялык каттамдар боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле мындан аркы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин такуулашкан.
"Жолугушуунун жүрүшүндө элчи эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарды ачууга кыргыз тарабынын кызыкдар экендигин билдирди жана «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы тарабынан Бишкек-Минск-Бишкек жана Ош-Минск-Ош маршруту боюнча үзгүлтүксүз эл аралык аба ташууларды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын авиациялык бийликтеринин тиешелүү документтерин тапшырды.
Беларусь тарап өз кезегинде кыргыз тараптын түз авиарейс ачуу боюнча сунушун кубаттап, бул сунушту колдой тургандыгын жана өз кезегинде тиешелүү көмөк көрсөтөрүн белгиледи", - деп айтылат маалыматта.