"Жок дегенде, үйүңүздүн жанындагы бакты сугарыңыз". Бишкек мэриясы тургундарга кайрылды
Бишкек мэриясы шаардыктарды бирден бак-дарак сугарууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мэрия жакынкы күндөрү баш калаада күн ысый турганын эскертти. "Урматтуу шаардыктар, сиздер да четте калбай бирден даракка, жашыл бакка, жок дегенде үйүңүзгө жакын жердеги өсүмдүккө суу куюңуздар. Шаардагы төрт акимчилик, мэриянын бардык кызматтары шаардагы бадал, дарактарды сугарууга киришет", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия Мамлекеттик суу ресурстары агенттиги менен шаарга берилүүчү сугат суунун көлөмүн көбөйтүүнү макулдашкан. Келерки аптадан тарта жеткиликтүү көлөмдө суу келе баштайт. Мындан тышкары, мэрия дарактарды эртең менен 9:00гө чейин же кечки 19:00дөн кийин сугаруу керектигин эскертти.