Бишкек мэриясында борбор калаадагы эпидемиялык кырдаал тууралуу маалымат айтылды
Акыркы суткада Бишкекте коронавирустун 97 жаңы учуру катталды, анын ичинен 71 учур коронавирус жана 26 учур – пневмония. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова брифингде билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери жалпысынын Бишкекте 3 миң 355 жаңы учур катталды. Ошондой эле жыл башынан бери 3 миң 920 байланышта болгон адам үй карантинине алынып, анын ичинен 3 миң 94 адам карантин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу алынды.
Бүгүнкү күндө дарыгердин көзөмөлүндө жалпы 1 миң 239 адам турат, анын ичинен 370 адамдын коронавирус анализи оң чыккан.
Ошондой эле карантининдеги жарандарды көзөмөлдөө үчүн 11 мобилдик топ иштеп жатат.
Мындан тышкары, Бишкекте COVID-19 менен ооругандарды 3 стационар кабыл алууда, анда 435 орундук дайындалган. Жана учурда стационарларда 264 адам жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы эпидемиологиялык кырдаал боюнча күн сайын брифинг өткөрүп турарын айткан.