SerepTV Logo

Бишкек мэриясы "Өчпөс полк" өтө турган маршрутту жарыялады

Бишкек мэриясы "Өчпөс полк" өтө турган маршрутту жарыялады
Быйыл 9-майда жүрүш жаңы маршрут менен — Жукеев-Пудовкин — Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтөт. Буга чейин колонна Байтик баатыр — Абрахманов көчөлөрү аркылуу жүрчү. Акцияга катышуучулар Дайыр Асанов атындагы паркта саат 8:00дө чогулуп, жүрүш саат 9:00дө башталат. Катышуучулардын баары Жеңиш аянтына 11:00гө келип калышы керек.