Бишкек мэриясы: "Чыгыш автобекеттен Жугуштуу оорулар ооруканасына автобус жүрө баштады"
Мэриянын муниципалдык транспорт башкармалыгы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы жайгашкан Толстой көчөсү боюнча №2 автобус каттамга чыга баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Эко Пассажир Транспорт" ЖЧКсы менен бирге каттамдын схемасы иштелип чыкты: Чыгыш автобекети - Жугуштуу оорулар ооруканасы (айланма). Бүгүнкү күндө 12 автобус жүргүнчүлөрдү тейлейт.
Эске салсак, буга чейин жарандар бир нече жолу Жугуштуу ооруканага чейин каттам жоктугун айтып, суранышкан эле.