Бишкек мэриясы: "Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуудан баш тартты деген маалымат калп"
Бишкек мэриясынын өкүлдөрү "Шаардык транспорттун электрлештирүү" долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен мындан ары кызматташуудан баш тарткандыгы жөнүндө бир катар ЖМКларда жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда Бишкек шаарынын мэриясы АӨБдүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Иштер борбор калаанын транспорт боюнча вице-мэри Русланбек Акылбековдун келиши менен жанданган. "Тактап айтканда, АӨБдүн эсебинен электр автобустарын жана электр унааларын алуу, ошондой эле “Муниципалдык Эко Такси” кызматын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Банк менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жана Бишкек мэриясы бул багыттагы жүргүзүп жаткан иштери боюнча толук маалымат берет", - деп айтылат маалыматта.