Бишкек мэриясы: "Аз камсыз болгон 4 миңден ашуун үй-бүлө көмүрдүн ордуна акчалай компенсация алат"
2021-2022-жылытуу мезгилине карата калк үчүн 123 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Калк тарабынан көмүр сатып алуу график боюнча 2021-жылдын июлунан башталган. 1-октябрга карата 55,9 миң тонна көмүр даярдалды, бул жылдык пландын 45 пайызын түзөт. "Жарандардын жеңилдетилген категориясына акчалай компенсация төлөнөт, ал 4105 үй-бүлөгө 21,45 миллион сом суммасында каралган. 3672 үй-бүлө буга чейин 18,47 миллион сом өлчөмүндө компенсация алышкан, бул 89 пайызды түзөт", - деп айтылат маалыматта.