SerepTV Logo

Бишкек мэриясы айып пулдарды көтөрүшү мүмкүн

Бишкек мэриясы айып пулдарды көтөрүшү мүмкүн
Мэриянын коомдук талкууга койгон мыйзам долбооруна ылайык Бишкекте бир катар айып пулдардын баасы көтөрүлөт. Долбоордо көрсөтүлгөн нормаларга ылайык: - Айлананы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом. Мурда 3 миң/13 миң сом болчу; - Белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандарга — 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом. Мурда 5,5 миң/ 17 миң сом болчу; - Өндүрүш, өнөр жай жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштагандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом. Мурда 7,5 миң/23 миң сом болчу; - Таштанды өрттөгөндөргө — 12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом. Мурда 7,5 миң/23 миң сом болчу; - Темир жол өтмөгүн же жол белгилерин бузгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом. Мурда 5,5 миң/17 миң сом болчу; - Жол эрежесине коркунуч жараткандай жолдун булганышына себеп болгондорго —12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом. Мурда 7,5 миң/23 миң сом болчу; - Жолдо уруксатсыз оңдоо иштерин жүргүзгөндөргө —15 миң сом, юридикалык жактарга 45 миң сом. Мурда 12,5 миң/35 миң сом болчу; - Жол жээктеринде соода түйүн, тамактануучу жай, жол белги сыяктуу мыйзамсыз объектилерди орноткондорго — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом. Мурда 3 миң/13 миң сом болчу; - Жолго караштуу жерди айдоо, көк майсанга унаа койгон, тигилген бак-дарактарды зыянга учураткан, саркынды сууларын арыктарга агызгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом. Мурда 5,5 миң/17 миң сом болчу; - Белгиленбеген жерде соода кылгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом.  Мурда 3 миң/13 миң сом болчу.