SerepTV Logo

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетти
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттиги мэрияга байланышканда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, Түлөбаев өз арызынын негизинде кызматтан кеткен. Ошондой эле ага президенттин иштери боюнча менеджери кызматы сунушталганы да маалымдалды. Түлөбаевдин ордуна Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болот. Муниципалитеттин жаңы башчысынын милдетин аткаруучу эмгек жамаатка бүгүн, 9-февралда тааныштырыла турганы да кабарланды.
edita