Бишкек менен Чүйдө күн күркүрөп, катуу шамал күтүлөт
Жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз
токтоосуз "112" кызматына билдириңиз",- деп айтылат маалыматта.