SerepTV Logo

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүп жатат

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүп жатат

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат",- дешти.