Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Шамал катталган учурда коопсуз жайларда болуңуздар! Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.