SerepTV Logo

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт
Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Мындан улам ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат:
  • унааңызды бак-дарактын, имараттын жанына токтотпоңуз;
  • электр чубалгыларынан алыс болуңуз.
Кырсык катталганда "112" номерине байланышыңыз.