SerepTV Logo

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуңуздар.