SerepTV Logo

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болору күтүлүп жатат

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болору күтүлүп жатат

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

"Катуу шамалда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз, токтоосуз "112" кызматына чалыңыз",- деп айтылат маалыматта.