Бишкектеги мектептер кайра карантинге жабылабы? Мэриянын жообу
Бишкек мэриясы ооруп жаткан балдарды мектепке жана бала бакчаларга жибербөөнү суранат. Бул тууралуу борбор шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева маалымат жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө сасык тумоонун көбөйүшү байкалууда. «Вирустук инфекциялар өтө жугуштуу жана аба аркылуу бат жугат. Бала же чоң киши чүчкүрөт - жана башкаларга жугушу ыктымал. Андыктан ооруп жаткан балдарды мектепке, бала бакчаларга жибербөөнү суранабыз», - деди ал.
Ал мындан тышкары, билим берүү мекемелерин онлайн режимине өткөрүү жөнүндө сөз болбой турганын билдирди. "Балдардын салттуу форматта билим алуусу үчүн бардык чараларды көрөбүз", - деди ал.