SerepTV Logo

Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда унаа сүзүп кеткен жөө жүргүнчү жеринде көз жумду (видео)

Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда унаа сүзүп кеткен жөө жүргүнчү жеринде көз жумду (видео)

Бишкек-"​​Манас" аэропорту унаа жолунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетишти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 19-августта болжол менен саат 20:30 чамасында болгон. Бишкек - ​​"Манас" аэропорту жолунун 24-чакырымында жөө жүргүнчү парапеттен секирүүгө аракет кылган, аны Honda Stepwgn унаасы сүзүп кеткен. Жөө адам жеринде каза болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы териштирилип жатат. 

https://youtu.be/4yxhamXZ_L4