Бишкек - Кант - Токмок унаа жолу оңдоо иштерине жабылды
Бишкек - Кант - Токмок унаа жолу руконструкциялоого жабылып, жолду оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"Жол тыгынын иретке келтирүү максатында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери күнү-түнү иш алып барып жатышат",- деп айтылат маалыматта.
Милициянын кайгуул кызматы альтернативдик жол тандоого чакырды.