SerepTV Logo

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө
ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс болуңуздар. Эгер сиз, өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз, "112" кызматына токтоосуз чалыңыз. Чалуу күну-түнү кабыл алынат жана акысыз.