SerepTV Logo

Бишкек эмне үчүн троллейбустардан баш тартты?

Бишкек эмне үчүн троллейбустардан баш тартты?
"Бишкек эмне үчүн троллейбустардан баш тартты?" деп сурады депутат Мурадил Сыдыков 1-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт боюнча комитетинин жыйынында. "Бул пайдасызбы же башка себеби барбы?" - деди депутат. Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев троллейбустар киреше алып келбей калганын айтты. "Алар бир гана кыймылга байланган, маршрутту өзгөртүү мүмкүн эмес",- деди ал. Депутат автобустар боюнча да суроо салды. "Бир күндө бир автобус 20 миң сомго жакын киреше алып келет. Ал эми троллейбустагы жүргүнчүнүн жол киреси 28,7 сомду түзөт. Субсидия көп", - деп жооп берди Бейшенов.