Бишкек дүйнөдөгү эң арзан шаар. Ал эми эң кымбат калаа - Ашхабад
Бишкек чет өлкөлүктөрдүн жашоосу үчүн дүйнөдөгү эң арзан шаар деп табылды. Бул тууралуу америкалык "Mercer" консалтинг фирмасы түзгөн рейтингде айтылат.
Рейтингди түзүүдө дүйнөдөгү 209 шаар каралып, ал шаарлардагы турак үй, унаа, азык-түлүктүн бааларына талдоо жүргүзүлгөн. Жалпысынан 200дөн ашык товар жана кызмат көрсөтүүнүн баалары талдоого алынган. Бишкек тизмеде эң акыркы 209-орунду ээлеген. Рейтингдин акыркы үчтүгүндө Грузиянын баш калаасы Тбилиси (207) жана Замбиянын борбору Лусака (208) бар.
Эм кымбат шаар деп Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабад табылган. Былтыр эң кымбат шаар деп табылган Гонконг быйыл экинчи орунга түштү. Биринчи ондукта Бейрут, Токио, Цюрих, Шанхай, Сингапур, Женева, Пекин жана Берн шаарлары бар.