SerepTV Logo

Биринчи жолу! Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык балдар 4 коло алышты

Биринчи жолу! Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык балдар 4 коло алышты

19-июндан 25-июнга чейин Сингапурда информатика боюнча эл аралык олимпиада болуп, ага 88 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да катышкан. Олимпиада COVID-19 пандемиясынын айынан онлайн режиминде өттү. 

Быйыл Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу биздин мамлекеттен 4 катышуучу дароо коло медалга ээ болушту. Алар: Данияр Бейшекеев, Ислам Давлетов, Артур Айдаров жана Теңгиз Беккоёнов. Өткөн жылы кыргызстандыктар байгелүү орундарды алышкан эмес, 2019-жылы катышуучулар Кыргызстанга үч коло алып келишкен.