SerepTV Logo

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата 22,39 пайыз шайлоочу добуш берди

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата 22,39 пайыз шайлоочу добуш берди
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 миллион 703 миң 420 шайлоочудан саат 16:00гө карата 829 миң 171 шайлоочу добуш берди. Бул 22,39 пайызды түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын мүчөсү билдирди. Региондор боюнча: Бишкекте — 21,59%; Ош шаарында — 24,65%; Жалал-Абад облусунда — 23,25%; Ысык-Көл облусунда — 21,71%; Нарын облусунда — 26,29%; Ош облусу — 23,71%; Талас облусунда — 25,11%; Чүй облусунда — 19,97%; Баткен облусунда — 23,35%. Чет өлкөлөрдө добуш берүүчү 84 миң 128 шайлоочудан 4689 шайлоочу добуш берди. Бул 5,57 пайызды түзөт.