SerepTV Logo

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата 16,27 пайыз шайлоочу добуш берди

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата 16,27 пайыз шайлоочу добуш берди
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 миллион 703 миң 420 шайлоочудан саат 14:00гө карата 602 миң 432 шайлоочу добуш берди. Бул 16,27 пайызды түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын мүчөсү билдирди. Региондор боюнча: Бишкекте — 15,34%; Ош шаарында — 18,10%; Жалал-Абад облусунда — 16,99%; Ысык-Көл облусунда — 15,35%; Нарын облусунда — 18,94%; Ош облусу — 17,39%; Талас облусунда — 18,5%; Чүй облусунда — 14,24%; Баткен облусунда — 17,91%. Чет өлкөлөрдө добуш берүүчү 84 миң 128 шайлоочудан 2720 шайлоочу добуш берди. Бул 3,23 пайызды түзөт.