SerepTV Logo

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 10:00гө карата 2,91 пайыз шайлоочу добуш берди

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 10:00гө карата 2,91 пайыз шайлоочу добуш берди
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 миллион 703 миң 420 шайлоочудан саат 10:00гө карата 107 миң 852 шайлоочу добуш берди. Бул 2,91 пайызды түзөт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы маалымат жыйында билдирди. Региондор боюнча: Бишкекте - 2,81%; Ош шаарында - 3, 45%; Жалал-Абад облусунда - 3,25%; Ысык-Көл облусунда - 2, 30%; Нарын облусунда - 2,73%; Талас облусунда 2,64%; Чүй облусунда - 2,26%; Баткен облусунда - 3,12%. Учурда Иранда шайлоо тилкеси ачылды. Жалпы 24 тилкеде добуш берүү жүрүп жатат.