"Бир тал чачыңар түшпөйт". Садыр Жапаров Курултайда бардык маселе ачык айтылышы керектигин билдирди
Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда үчүнчү Элдик курултай өтүп жатат.
Асылбек Абдыкадыров сөз сүйлөп, Ноокен районундагы көйгөйлөрдү айтты. Ал убакыттын тардыгына байланыштуу үч көйгөйдү айтты. Алар: суу кампасын куруу жана суугат сууга болгон төлөмдөр, минералдык жер семирткичтерди алып келүү жана текстиль фабрикасынын курулушу.
"Курултайда сөз эркиндиги жок. Делегаттар да "дүжүрлөр" дегендер бар",- деди ал.
"Кимди сүйлөтөм десеңер трибуна силердики. Ачык айткыла. Силердин чапаныңарды эч ким чечип албайт. Бир тал чачыңар түшпөйт. Сөз эркиндиги бар, болуп келген. Сөз эркиндик менен ушак-айыңды, мазактоону, калп айтууну аламаштырып албасаңар болду",- деди өлкө башчысы.