SerepTV Logo

Бир суткада 32 адамдан коронавирус табылып, бирөө каза тапты

Бир суткада  32 адамдан коронавирус табылып, бирөө каза тапты
Өлкөдө сутка ичинде коронавирус 32 адамдан табылып, бирөө каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Бишкекте коронавирус – 22 адамдан, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 5 кишиден табылган. Ошондой эле акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда бир адам каза болду. Аны менен катар сутка ичинде 27 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бишкекте – 10, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда – 2 киши Медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Белгилей кетсек, өлкөдө пандемия башталгандан бери 86 миң 850 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 836 киши айыгып чыкса, 1 миң 481 адам каза болду.
Unknown Author