Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата 22,54 пайыз шайлоочу добуш берди
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 3 миллион 619 миң 292 шайлоочудан саат 16:00гө карата 815 миң 896 шайлоочу добуш берди. Бул 22,54 пайызды түзөт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Көк-Жар шайлоо округу шайлоого активдүү катышып жатса (27,74%), эң төмөнкү көрсөткүч Сокулук шайлоо округунда катталган — 17,19%.