Бир жума ичинде 64 адам коронавирустан каза болду
28-июндан 5-июлга чейин 64 адам коронавирус жуктуруп каза болушкан. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Каза болгондордун көпчүлүгү Бишкек шаарында катталган. Бишкек шаарында – 30 адам вирустун кесепетинен каза болсо, акыркы жети күн ичинде өлүм көрсөткүчү боюнча экинчи орунда Чүй облусу турат - 10 адам. Баткен облусунда - 7, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында 5 өлүм катталды, Ошто - 3, Таласта - эки, Нарын жана Ош облустарында – бирден өлүм катталды.